Бишкек шаарындагы №3 балдар клиникалык ооруканасында кайрадан бейтап менен дарыгердин ортосунда уруш чыкты. Бул тууралуу видео Инстаграмдагы kg_vrachi баракчасына жарыяланган.
Маалыматтар боюнча, окуя кечээ, 21-январь күнү саат болжол менен 14:00до болгон. Жаш келин 4 жашар баласы ангина менен жабыркап, жөтөлүп жаткандыктан ооруканага алып келген. Дарыгер баланы көрүп, ангина менен баланы ооруканага жаткыруунун кажети жок деп айтканына жини келип, дарыгерге асылган. Бейтап врачты ичке бир нече жолу соккон.
https://www.instagram.com/p/B7lWrqGnJX_/
Эсиңиздерге сала кетсек, январь айынын башында Бишкектеги №3 балдар ооруканасында жаш келин врачты сөгүп, ага кол көтөргөн.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ