Menu

Видео – Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы, азыр КСДПдан ИИМ министрлигине сунушталган Улан Исраилов Кыргызстанда канча райондук, шаардык милиция бөлүмү бар экенин билбей койду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9 -ноябрда КР Жогорку Кеңеши өзүнүн кезектеги отурумунда КСДП, “Кыргызстан” жана “Бир бол” фракциялары түзгөн башкаруучу коалиция сунуштаган өкмөттүн составын талкуулады. Анда “Өнүгүү” фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов КР Ички иштер министри кызматына КСДП фракциясы тарабынан сунушталган Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Улан Исраиловго бир эле суроо берди.

– Кыргызстанда канча РОВД жана ГОВД бар? – деп сурады депутат Зиядин Жамалдинов.

– Шаарда 4 РОВД бар…., – деп мукактанды Улан Исраилов.

– Кыргызстанда канча РОВД жана ГОВД бар деп сурап жатам? – деп такыды Жамалдинов.

– Мен тактап, анан айтайынчы.., – деп жооп берди Ички иштер министрлигине КСДПдан талапкер Улан Исраилов.

– Билбейсиз. Кыргызстанда канча РОВД бар экенин билбейсиз…, – деп уяткарды Зиядин Жамалдинов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: