Menu

Самсаалы Четинбаев, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү: “Азыр сөгүш берип, убакытты созуп жүрө турган мезгил эмес”

Бөлүшүү:

– Премер-министр Сапар Исаковдун айрым министрлерге сөгүш бергени ишти илгерилетүүгө жасаган аракетиби же аргасы кеткендеги амалыбы?

– Сөгүш бергенден эмне пайда чыкмак эле. Негизи иштей албаганын кетириш керек. Азыр сөгүш берип, убакытты созуп жүрө турган мезгил эмес. Даяр кадрлар келип, шымалана иштей тур­ган учур. Мисалы, элдин жонунан кайыш тилип, олчойгон акча бөлдүрүп алып тил үйрөнүп аткан министр кантип ишти алгылыктуу алып кетет деп ишенебиз? Ал тил үйрөнөбү же жумушу менен алек болобу? Ошол министрди азыркы өкмөт башчы өзү менен кошо алып келген. Эми минтип ага сөгүш берип олтурат. Демек бул кадамдар өкмөт башчысынын айласы кеткендеги аракеттери деп билсек болот. Өкмөттүн кышка болгон даярдыгын көрдүк, шаар эли тоңуп өлүп калайын деди. Ишти аксаткан жетекчилерден арылып, иштей албагандардын баарын айдаш керек.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: