Сауд Арабиядагы «Саmel Fest» маданий иш-чарасынын алкагында 9-мартта Кыргызстандан барган топ «Көчмөндөр ааламы» деп аталган этно өнөрдү тартуулашты.
Бул тууралуу Көкбөрү федерациясынын өкүлү Жыргалбек Саматов кабарлап, видеолорду «Фейсбукка» жарыялады. «Саmel Fest» фестивалы 9-23-март күндөрү болот. Ага катышкан 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында өнөр тартуулашат.
Иш-чарага катышуу үчүн кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнүп, 15 гектар жер ажыратылганы кабарланган. Чыгымды уюштуруучулар төлөйт.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ