Menu

“Кыргыз куралдын” мурдагы жетекчисинин иши сотко өттү

Бөлүшүү:

Аскер прокуратурасы Коргоо министрлигинин алдындагы мамлекеттик “Кыргыз курал” ишканасынын Д.Б. аттуу мурдагы жетекчисине байланыштуу ишти тергеп бүтүп сотко өткөрдү. Аталган ишкананын мурдагы башчысы Кылмыш кодексинин 171, 350-беренелери (“ишеним берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же коротуу”, “жалган документтерди, штамп, мөөрдү колдонуу, жасоо” ) боюнча айыпталууда.

Башкы прокуратуранын кабарына караганда, ал 2014-жылы Орусиянын “Оптолинк” ишканасы менен келишим түзүү үчүн кассадан 964 миң сом алган жана ага эч кандай документ көрсөткөн эмес. Кийин каражат “Оптолинкке” төлөндү делген жасалма документ көрсөткөн. Аталган ишкананын расмий жообуна ылайык, мындай сумма алардын эсебине түшкөн эмес. Мындан сырткары Д.Б. “Кыргыз куралды” жетектеп турган 2013-2014-жылдары айрым кызматкерлерге мыйзамсыз түрдө айлык жана сый акы төлөп берген.

Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик казынага келтирилген чыгым толугу менен төлөнүп берилген. Бул ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: