Социалдык тармактарда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев башка өлкөнүн жараны болгондуктан анын мамлекеттик жана муниципалдык кызматты аркалоосуна укугу жок деген билдирүүлөр таратылууда.
Маалыматта Ош шаарынын азыркы мэри Сарыбашев 2004-жылы Россиянын паспортун алып, аталган документти 2016-жылдын 30-марттында алмаштырганы көрсөтүлгөн.
Бул боюнча мэрдин өзү үн ката элек. Ал эми муниципалитеттин басма сөз кызматы Таалайбек Сарыбашев Россиянын жарандыгын алган эмес деген маалыматты таратты.
“Ал Россияда 15 жылдай эмгек мигранты болуп иштеген, бирок Россия жаранынын паспортун алган эмес”,– деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ