Menu

Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылга жылдырылды

Бөлүшүү:

Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

«Бул чечим түрк тилдүү мамлекеттердин жана элдердин жалпы мурасына татыктуу деңгээлде IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу, спортчулардын жана бардык катышуучулардын ден соолугун коргоо максатында кабыл алынды», деп жазылат агенттиктин маалыматында.

Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2020-жылы күзүндө Түркиянын Бурса шаарында өткөрүү пландалып жаткан. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен үч ирет (2014-жыл, 2016-жыл, 2018-жыл.) Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: