Menu

Кыргызстанда денеге сүрөт тарттырып – татуировка жасаткандардын көбү кыздар

Бөлүшүү:

Батыш өлкөлөрүндө денеге сүрөт тарттыруу, башкача айтканда татуировка жасатуу нормалдуу көрүнүшкө айланган. Кыргызстанда да акыркы жылдары татуировка жасаткандардын жана жасаткысы келгендердин саны көбөйдү. Бирок, коомчулук буга  көбүнчө терс көз карашта. Эмнеге коомчулук татуировканы жактырбайт? Татуировканын пайдалуу жана зыяндуу жактары эмнеде?  Ушул суроолорго жооп издеп көрсөк.

Каарманыбыз  Эркинай(аты алмаштырылган) 16 жашта. Новосибирск шаарында 3000 рубльга колуна татуировка жасаткан.

“Менин татуировкамдын терең мааниси бар. Бул мен жактырган ырчылар тобу менен байланыштуу. Өзүмө аябай жагат. Бирок, ата-энеме бул жаккан жок. “Түрмөдөн чыккансыңбы эмне? Өчүр!” деп жатышат. Бирок өчүрүү тарттырууга караганда бир топ кыйын жана көбүрөөк ооруйт. Ата-энемдин бул көз карашы мага жакпайт. Эмне түрмөдөгүлөр эле татуировка тарттырууга укуктуубу? Бул мода да, ич ичимен баары бир өчүрбөйм деп жүрөм.”- деди каарманыбыз.

Татуировканы жактырбаган беш баланын апасы Сатимбү Мамбеталиева бул боюнча мындай оюн билдирди:

“Татуировканы психикалык жактан ооруган же өзүн жакшы көрбөгөн адамдар кылат деп ойлойм. Ислам динине да бул туура келбейт. Ден соолукка да зыяны бар. Эгер менин балам, менден сурабай, татуировка кылдырып келген болсо, мен аны операция жасатып болсо да жок кылдыртам жана ал менден көрө турганын көрөт”, – деди апа.

Татуировканы кандай адамдар жасатышат? Бул боюнча  “Psychology Today» журналына жооп берген психолог Артем Павловдун жообун алдык.

“Татуировканы кандай адамдар жасатышы бул сүрөткө байланыштуу. Кээ бирлер жакын адамынынын атын жаздырышат же сүрөтүн тарттырышат. Бул менен аларга болгон сүйүүсүн көрсөткүсү, далилдегиси келет. Эгер сүрөттө агерссия  болсо, демек ал адамдын айланасындагыларга капачылыгы бар, ачык айта албайт жана сүрөт менен көрсөтөт. Татуировка сөзсүз адамдын ички дүйнөсү менен байланышта,”- деди Артем.

Ошондой эле Артем татуировканын көлөмү да чоң мааниге ээ экендигин айтты.

“Денесинин көп бөлүгүн сүрөттөр менен каптап алуу бул адамдын өзүнө ишенбестигин, өзүн өзү жаман көрүшүн билдирет. Мындан сырткары тышкы факторлор да татуировка кылдырууга себеп болот, мисалы мода. Адамдар өзгөчөлөнүп, уникалдуу экендигин көрсөткүсү келет, бул да татуировка кылдырууга түртөт”-деп кошумчалады.

Татуировканын зыяндары боюнча дермотолог  Владимир Сергеевдин кыргыз ММКларынын бирине берген интервьюсун алалы: “Татуировка жасатуу ар түрдүү аллергияларга, тери ооруларына алып келиши мүмкүн. Өзгөчө кара түстөгү татуировка көбүрөөк зыяндуу. Ден соолукка зыяндуу болбошу үчүн колдонулган боёк жакшы болуш керек жана ар бир кардарга жаңы ийне колдонулушу, санитардык тазалык сакталышы керек,”-деди.

Ошондой эле медициналык жактан татуировканын ден соолукка эч кандай пайдасы жок экендигин доктор Владимир кошумчалады.

Денеге сүрөт тарттыруунун психологиялык жактан пайдасы бар экендигин психолог Артем Павлов айтып, төмөндөгүлөрдү айтты: “Татуировка жасаткан адамдын өзүнө ишеними артат. Өзүн жактырбагандар жактырып баштайт. Бир максатка жетем деп татуировка жасатса, ал татуировканы көргөн сайын кыялы эсине түшүп, максатка жетүү үчүн аракетин арттырат,”- деди психолог.

Ислам дини татуировкага кандай көз карашта?  Муфтий  Ахмад Шариф Ан-насаандын  www.islam.ru сайтына берген интервьюсунда төмөндөгүлөрдү айткан: “Татуировка жасатуу күнөө болуп эсептелинет. Денебизди Аллах бизге аманат кылып берген. Таза дене менен келдик жана таза дене менен кетишибиз керек. Татуировка жасаткан адам да жасаган адам да бирдей күнөөгө батат жана татуировка жасап табылган акча арам болуп эсептелинет. Татуировка жасатса болот, эгер

-Убактылуу болсо.

-Суунун өтүшүнө тоскоол болбосо, даарат өтүп турушу керек.

-Тарттырылган сүрөт жандуу нерсенин сүрөтү болбосо.

-Эгерде татуировка аял кишинин денесинде болсо, анда аны жаап жүрүшү керек. Эркектердин назарын өзүнө бурбашы керек.

-Аврат жакка сүрөт тарттырууга болбойт.

Кыскасы денеге убактылуу сүрөт тарттырууга уруксат берилет. Денеге бир гана татуировка аркылуу эмес,  хына аркылуу сүрөт тартса да болот. Татуировка жасаткысы келгендерге хына менен сүрөт тартууну сунуштайт элем”-деди муфтий.

Бишкекте 1,5 жылдан бери иш алып барып келе жаткан  “Tatoo-312” тату-салонунун башчысы Эрдоган  Долу салону жөнүндө айтып берди.

“Биз татуировка жасоодо колдонулчу нерселерди Турциядан алып келебиз. Турцияга Америкадан келет. Боектордук сапаты абдан жакшы. Кыргызстанга Кытайдан келет экен боектор, алардын сапаты начар жана ден соолукка да коркунучу бар. Ошондой эле тату-машинабыздын сапаты да  жакшы, аны да чет өлкөдөн алып келгенмин. Татуировканын баасы 1000 сомдон башталат 1000 долларга чейин барышы мүмкүн. Бул татуировканын көлөмүнө, кеткен боекко байланыштуу,”- деди ал.

Ошондой эле бул тату-салондун 18 жаштан ашкандарга гана татуировка жасаарын билдирди.

“Көбүнчө 20-25 жаштардагы кардарлар келишет. Кошумчалай кетчүү нерсе татуировка жасаткандардын 80%ы  кыздар. Татуировканы бир гана ички факторлордон же модадан улам кылдырышпайт. Денедеги тырыктарды, күйгөн жерлерди жашыруу максатында дла татуировка жасатышат,”- деди Эрдоган.

Акыркы жылдарда кыргыз кардарларынын саны өскөнүн кошумчалады тату-уста.

Кыргыз коомчулугунда татуировкага баары эле жаман көз карашта эмес. Буга Самара Энсебаеванын апасын мисалга алсак болот.

“Мен таутировкамды Кипрде жасаткам. Негизи эки татуировкам бар бири үкү-акылмандыктын белгиси жана экинчиси менин апамдын аты. Апам биринчи көргөндө жактырбагандай болду, бирок өзүнүн атын көргөндөн кийин жумшадыбы, айтор, урушпады. Өзүң билесин деди. Апам заманбап аял, мени түшүнөт,”- деди Самара.

Татуировканын тарыхына кайрыла турган болсок Европада 1534-жылы пайда боло баштаган. Кээ бир булактар биздин заманга чейинки заманда татуировка пайда болгон деп, буга  Египетте табылган мумиялардын бири Эци атуу мумиянын денесиндеги татуировканы далил катары көрсөтүшөт. 1961-жылдардан баштап татуировка Европада жайыла баштаган.  Татуировканын тарыхында Википедияда Энесайлык кыргыздар да бар. Кытай жазуу булактарында 6-10-кылымдарда кыргыз эрекектери колдоруна татуировка сыяктуу сүрөт тарттырышканы жазылган.  Ал эми аялдардан болсо, турмушка чыккандары гана денесине сүрөт тарттырары айтылган.

Илгери денеге эле сүрөт тарттырышкан болсо, эми көздүн карегине, тилине, эринине татуировка жасаткандар да бар.

Эң көп татуировкасы бар адам катары Гиннесс Рекорддор Китебине 2006-жылы Жаңы Зеландиялык Лаки Даймонд Рич киргизилген. Ал денесинин бардык жерин кара татуировкага боётуп, татуировкага жер калбаган соң кара сүрөттөрүнүн үстүнө ак боёк менен сүрөт тарттырган.

Нурзида Тойгомбаева 

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: