Кыргызстанда жер маселеси боюнча соттошуп жүргөндөр жүнүн жейт. Топтоп болуп эле сүргүлөшүп соттун алдында жүргөндөрдү көрөсүң. Айыл өкмөттөрүнүн жегич башчыларына да кылмыш иштери токулганы боюнча кабардарбыз. Ал эми райондук деңгээлде болсо жер маселесин акимдин орун басары тейлейт. Далай орун басарлар кылтакка илинип эми сурак берип жүргөн кези.
Биринчи май районуна акимдин орун басары болуп барган Мавлян Аскарбековдун да башын ооруткан ушул жер маселеси болорун айта кетели. Жаңыдан ишке киришкен чиновниктин алдына күнүгө толгон-токой кол койчу иш-кагаздары келет. Ошонун ичинде Бугу Эне Багыштагы 120 гектар жер боюнча талаштуу кагаздар бар эле. Эгерде анын аки-чүкүсүн билбей кол коюп алса балээге каларын да кыстара кетпесек болбойт. Себеби, эпчилдердин “үзүрү” аркылуу бул жерди бирөөлөрдүн эсебине чечип берүүгө кызыккандар бар. Ошолордун “желесине” түшүп калса орун басарды оңкосунан түшүрүүгө чыйыр салынат. Айтор, кулак кагыш кылдык, калганын мезгил аныктайт.
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ