Menu

Тышкы иштер министрин дайындоодо регионалдык баланс сакталбай келатат

Бөлүшүү:

Кыргыз мамлекети көз карандысыздык алгандан бери КР Тышкы иштер министри кызматына дайындоодо регионалдык баланс сакталбай келаткандыгы бул кечиримсиз факт. Чейрек кылымдын ичинде  Таластан 5 жолу Тышкы иштер министри дайындалып тыр. Акаев доорунда Эднан Карабаев, Роза Отунбаева, Аскар Айтматов, Бакиев доорунда Роза Отунбаева, Роза Отунбаевнын доорунда Руслан Казакбаев.

Ысык-Көлдүн кулуну Мурат Иманалиев Акаев заманында 2 жолу Тышкы иштер министри болуп иштеди. Көлдүн дагы бир кулуну Кадырбек Сарбаев Бакиев доорунда министрлик кызматты аркалады. Кочкордун кулуну Аликбек Жекшенкулов да Бакиев учурунда министр болду. Кеминден Эрлан Абдылдаев Атамбаев доорунда 6 жыл аттан түшпөс министр болуп олтурду. Эмне үчүн Тышыкы иштер министрин дайындоодо  регионалдык баланс сакталбайт?

Башка региондордон министрликке татыктуу даяр кадрлар турса да эмне үчүн көрмөксөн болушат? Эмне үчүн элчи, эки жолу Тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген Аскар Бешимов министр кызматына бир тепкич калганда буттан тартып жыгып салышууда. Элчи, КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору, Тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген Нурлан Айтмырзаев министрлик кызматка татыктуу эмеспи? Элчи, азыр Президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген Данияр Сыдыков дапдаяр эле министр болуп турбайбы. Азыркы Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровду министр кылып дайындоого ким тоскоолдук кылып жатат. Тышкы иштер министрлигинин аппаратында департаменттерди жетектеген Мирлан Арстанбаев же Авазбек Атахановдор эбак эле министрлик кызматка жетилген кадрлар экендигин ким танат? Баса, Авазбек Атаханов Москвадан фарси тилинен  аскердик котормочу деген сейрек кесипке ээ болгон кыргыздардын бири. Ошондуктан ал Иран өлкөсүндө элчиликте көп жылдар иштеп такшалган. Кыскасы, санай берсе министрликке татыктуулар чубай берет. Бул тармактагы эксперттердин айтымында, болгону калыстык кылып, мындай маанилүү учурларда регионалдык балансты сактоо менен кадр тандоо эл-журттун ынтымагын арттырмак. Антпесе Тышкы иштер министри болом деп итбай-чотпайлары деле, мурун соттолгондору, түрмөдө жаткандары, акча уурдагандары деле чуркап жүрүшүптүр. Көзүңдү ач, кыргызым, калыстыктан тайба!

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: