Menu

Майыптарга салынган үйлөр мэриянын кызматкерлерине бөлүштүрүлгөн

Бөлүшүү:

Ош шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге гана салынган үйлөр боюнча экинчи ирет кылмыш иши козголду. Мурда бул мыйзамсыз жорукту Ош шаардык прокуратурасы узакка тергесе, эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) ишта кайрадан териштирип, бир катар оркойгон мыйзам бузууларды адегенде эле ашкереледи.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Кыргызстандын түштүк башкалаасынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери майыптар үчүн гана салынган 66 батирлүү көп кабаттуу үйлөрдү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бөлүштүргөн учурда бир катар орой мыйзам бузууларга жол коюшкандыгын жашырган жок.

– Атайын текшерүүнүн жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясы майыптарга тараткан үйлөрдөн батир тийген сегиз тургун туурасындагы маалым кат жасалма экендигин акыры аныкталды. Дагы 32 киши Ош шаарынан батирлүү болушканга дейре эле Бишкек, Жалал-Абад жана Ош шаарларында өздөрүнүн эле турак жайлдарында жансактап келишкендиги ашкереленди, – деп тызылдады УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов. – Мындан тышкары дагы тогуз адам 3-топтогу майыптыгы менен эле кезексиз батирге ээ болушкан. А мыйзамга ылайык буларга мындай жеңилдик эч жерде каралган эмес! Мыйзамдын негизинде биринчи жана экинчи топтогу майыптар гана кезеги жок турак жайга ээ болууга акылуу. Ошондуктан, бул фактылардын негизинде Кылмыш-жаза Кодексинин 304-, 305-, 315-беренелерине ылайык кылмыш иши козголду. Ушул тапта тергөө кызуу жүрүп жатат.

Бул арада Ош шаардык мэриясына караштуу курулуш бөлүмүнүн башчысы, дал ушул майыптарга үй бөлүштүрүү комиссиясынын төрагасы Мирлан Исраилов жогорудагы майыптар үчүн салынган 66 батир тең мүмкүнчүлүгү чектелген гана жарандарга ыңгайлаштырылгандыктан, аны абдан калыс бөлүштүрүү маалында мамлекеттик органдардын гана атайын маалыматына таянышкандыгын ачыктады.

– Айыптоочулар Мамлекеттик каттоо кызматы берген маалымат каттардагы сегиз адамдын кыймылсыз мүлк жөнүндөгү маалыматы “өзү башынан эле жасалма” деп атышат. А биз Мамлекеттик каттоо кызматынан сураштырсак, алар Ө, /, же К, Г, ов, ев деген мүчөлөрдөн техникалык ката кетиши ыктымалдыгын айтышты,- дейт Ош шаардык мэриясына караштуу майыптарга үй бөлүштүрүү комиссиясынын төрагасы Мирлан Исраилов. – Өзү негизи жанагыл батирлер жалаң гана майыптарга бөлүштүрүлгөн. А мыйзамда “3-топтогу майыптарга кезексиз берүүгө болбойт” деп даана жана так жазылган. Бирок, бул сапар биз калыстык үчүн колубуздагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын тизмесин ортого салып, кыргызча эле чучукулак менен бөлүштүргөнбүз.

Ошентип, Ош шаар мэриясы майыптар үчүн курган үйлөрдү атайын барып жеринде көрдүк. Батирлердин басымдуулугу ушул тапта башка бирөөлөргө ижарага берилип кетиптир. Бирок, үй бөлүштүрүү маалында Ош шаарында майып сыңары катталгандар турак жайга абдан муктаждыгын, эң башкысы булардын башка жактарда таптакыр башпаанеси жоктугун ошогезде бүт катарынан саймедирип жүрүшпөдү беле? Эми минтип булардын бирин дагы өз үйдөрүнөн ит менен издеп дагы таппадык…

Болгону көзү азиз Турусбек Рустамовдун өмүлүк жары гана турак чайларды бөлүштүрүүдө эч кандай жемкорлукту жана тааныш-билишчиликти аңдабагандыгын ачыктады: -Маселен, биз үй алып жатканда бир адамга дагы акча бербедик. Мэриядан чакырышып: “Силерге батир ыйгарылды” деп гана сүйүндүрүштү. Ушул тапта буерде үчөөбүз жашайбыз. Баарыбыз тең майыппыз. Мен баса албаймын. А жолдошумдун көзү азиз. Кызымдын дагы көзү анчалык жакшы көрбөйт. Жашообузду көрдүңөр, кудайга шүгүр. Мурдагыдай күн сайын санаага батып, батирден батирге көчпөй калдык. Ушунусуна ыраазыбыз!

Айтмакчы, Ош шаарына караштуу Анар кичи районундагы алты кабаттуу үч үй тең Кытай Өкмөтүнүн эсебинен курулган. Мында жалпысынан бир, эки жана үч бөлмөлүү 66 батир бар. Тилекке каршы, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн гана салынганы менен бул үйлөрдө лифт жок! Дагы кызыгы: бул турак жайлар дегеле майыптарга таптакыр ылайыкташтырылган эмес!

Акыркы күндөрү Ош шаарында майыптар үчүн курулган үйлөрдөгү батирлерди бөлүштүрүүдө орой мыйзам бузган деп күмөндөлгөн Кыргызстандын түштүк башкалаасынын мэриясынын эки кызматкери кармалды. Бул жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, кармалгандар Оштогу тергөө абагына дароо киргизилип, аларга Кылмыш-Жаза Кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” жана “Кызматтык жасалмачылык” деген беренелеринин негизинде айыптары угузулду. Буга дейре Ош облустук прокуратурасы бул боюнча кылмыш ишин козгогон. Кармалган эки адам тең Ош шаардык мэриясынын турак жай-тиричилик комиссиясынын (ТЖК) мүчөлөрү экендиги кабарланды.

Бирок, Ош шаардык мэриясынын камалган кызматкерлери – кылмышка шектүүлөр майыптарга батир бөлүштүрүүдө эч кандай мыйзам бузушпагандыгын айтып жатышат.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: