Жайыл районунда 40 жаштагы киши көлмөгө чөгүп кетти. Учурда ал изделүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымат боюнча 17-октябрда саат 11:17 чамасында Жайыл районунун Степное айылындагы “Мелиорация” көлмөсүнө 1978-жылы туулган Т.И. аттуу жаран чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү келген. Издөө иштерине 9 куткаруучу тартылган. Бирок, натыйжа болбогону үчүн издөө бүгүн да улантылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ