Бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаарынын Абадан коргонуу күчтөрүнүн №23565-чи аскердик бөлүгүндө аскер кызматкери чуркоо боюнча зачет тапшырып жатып көз жумду. Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 30 жаштагы прапорщик аскер бөлүгүндө 2015-жылдан бери кызмат өтөп келген. Аскер кызматкерлери чуркоо боюнча нормативди ай сайын, жарым жылда бир жана бир жылда бир жолу дайыма тапшырып келет. Ушул күнгө чейин маркум зачетторду план боюнча тапшырып келген, бирок бул жолу ал 3 киллометр аралыкка чуркоо маалында кулап түшүп, эсин жоготкон. Окуя болгон жерде ага жардам көрсөтүлгөн, бирок ал ооруканага жетпей көз жумган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ