Menu

Түркмөнстанда кайрадан күйүүчү май тартыштыгы жаралды

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын түштүгүндөгү Мары облусунда кайрадан күйүүчү май тартыштыгы жаралды. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Басылманын аймактык кабарчысы белгилегендей, учурда облустагы май куюу жайларында А-95 үлгүсүндөгү күйүүчү май жокко эсе.

«Марыда А-95 үлгүсүндөгү күйүүчү май бир гана жерде сатылып жатат. Калган май куюу жайларында жок, жалаң А-80 жана А-92 сатылууда», — деп билдирди кабарчы.

Мындан тышкары өлкөнүн Лебап облусунда дагы сапаттуу бензин жок болуп жатканы кабарланууда. «Лебап облусунда А-95, А-92 жана Эко-93 үлгүсүндөгү күйүүчү май таптакыр жок. А-80 бензинин болсо ар бир автоунаага беш литрден ашык сатпай жатышат. Азыр аймактагы бардык май куюу жайларында кезек күткөндөр бар», — деп билдирди аймактык кабарчы.

Түркмөнстанда сапаттуу күйүүчү май тартыштыгы быйыл жайдын башында байкала баштаган. Мындан улам айдоочулар автоунаага зыян болсо дагы А-80 бензинин куюуга аргасыз болуп келишет.

Ал ортодо полиция кызматкерлери сапатсыз күйүүчү май колдонгондугу үчүн автоунаа ээлерине айыппул салып жатышат. «Алар атайын жабдуу менен текшерип, сыртка чыккан түтүн экологияны булгап жатканын айтышууда. Алгачкы жолу кармалгандарга 300 манаттан айыппул салынып жатат, бирок 20 манат (расмий курс боюнча алты долларга жакын) пара берип кутулуп кетүүгө болот», — деп билдирди «Азаттыктын» кабарчысы.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: