Menu

Өзбекстандагы тажик тектүү тургундар өзбек жарандыгын ала албай келишет

Бөлүшүү:

Тажикстандагы жарандык согуш маалында Өзбекстандын аймагына кирип отурукташып калган тажик тектүү тургундар көп жылдардан бери өзбек жарандыгын ала албай келишет.

Алардын айтымында, колдорундагы жарандыгы жок тууралуу кагаздар менен жакшы жумуш таба албагандыктан, көбү мандикерлик менен алектенүүгө аргасыз болушууда.

«Мисалы, мен банкка эсеп ачайын деп барсам Өзбекстандын жарандарына гана кызмат көрсөтө тургандыктарын билдиришти. Бир дагы банк карта берүүгө же эсеп ачууга макул болбойт. Дагы бир маселе — Өзбекстандан сыртка чыгуу өтө оор. Бул үчүн атайын уруксат алуу керек», — деди Абдумажид Абдиев аттуу тажик тектүү тургун.

Өзбекстандын бийлиги 2016-жылы бардык жарандыгы жок адамдар, анын ичинде Тажикстандагы жарандык согуш маалында өлкө аймагына кирип жашап калган тажик тектүү тургундарга дагы паспорттор бериле турганын билдирген. Бирок арадан үч жыл өтсө дагы бул маселе чечилбей келүүдө.

2016-жылы Өзбекстан президентинин администрациясы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен 179 адамга өзбек жарандыгы берилгенин кабарлаган. Ал тизмеде тажик тектүү тогуз адам болгон. 2018-жылы Ташкентте белгилүү тажик режиссеру Бако Содиковго салтанаттуу түрдө өзбек паспорту тапшырылган.

Анда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы Өзбекстанда жарандыгы жок адамдардын чыныгы саны кыйла көп экенин белгилеп, өзбек бийлиги бул маселени чечүүдө алар менен кызматташуудан баш тартып келатканын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: