Бүгүн, 18-октябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министри Чынгыз Айдарбеков Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андрей Крутькону кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушуунун журушундо Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько Россия Федерациясынын Тышкы иштер Министри Сергей Лавровдун Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министри Айдарбековго даректелген расмий куттуктоо катын тапшырып, жогорку жана жооптуу кызматында ийгиликтерди каалап өттү. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикирлер
менен алмашты, ошондой эле пландалып жаткан жогорку жана эң жогорку
деңгээлдердеги сапарларды жана иш-чараларды талкуулады.
Булак:kyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ