Menu

Дайырбек Орунбеков, активист: Жердешчилик түркөйлөрдүн түшүнүгү

Бөлүшүү:

—Кыргыздарды трайбализм менен жердешчиликтен кантип куткарса болот?

—Трайбализм темасын – трайбалисттер көтөрөт. Мамлекеттик жогорку кызматтарга барган кадрлардын жерлигинен бул маселе чыгат. Мисалы, Атамбаев башкарган 6 жылда трайбализм темасы козголгон жок. Ал кадр саясатындагы теңчиликтен улам эмес, трайбализм темасын көтөрүп чыккан бузукулар, атаандаштар болбогону үчүн. Бир убакта президент, ЖК төрагасы, Премьер министр, Башкы прокурор, УКМК төрагасы, мэр ж.б жогорку кызматтарга Кыргызстандын түндүгүндө туулуп өскөн кадрлар келишти. Эч ким ал тууралуу айткан деле жок, трайбализм темасы козголгон дагы жок. Азыр кайра трайбализм темасы күчөп жатат. Бийликти Кыргызстандын бир аймагынан чыккан кадрлар басып алгандыктан эмес, кайсы бир саясий бузуку топтун атайын уюштурган аракет, кара пиарларынан улам. Азыр бийлик бутактарын карап көргүлө, баланс сакталган. Жердешчилдик – түркөй, акылсыздардын, Кыргызстандын душмандарынын түшүнү! Трайбализмди – ушул темага кайрылбай коюп гана жое алабыз. Ар бир кыргыз өзүнүн ичиндеги бузукулук сезимин моюнга алып, андан арылышы керек.

Памир Манас

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: