Menu

Жогорку Кеңеште бакылдаган депутат, көчөгө чыкса “куудул” болуп кубулган Рыспаев

Бөлүшүү:

Жогорку Кенештин депутаты, Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев анык күн тийген жердин күкүгү экен. 2010-жылы «Ар-Намыс» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин босогосун аттап, «жылдызы» жанган. 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында ат тизгинин шарт буруп, СДПК партиясына секирген эле. Себеби, «Ар-Намыстын» шайлоодон жеңээрине көзү жеткен эмес. Ишенимдүү жеңишке жетүү максатында СДПКдан «жылуу орун» издеген. Бирок, өз аймагынан, тагыраагы кичи мекенинен СДПКга жетиштүү добуш алып бергенге жараган жок. Ошентип, депутат болуп келээри менен Отун-энергетика комитетин жетектегиси келип, кызыл-чеке болуп талашты. Мурунку чакырылышта да аталган комитетти жетектеген. Комитет жетекчилиги атасынан мураска калгандай эле басып олтурат.

Эми СДПК партиясына сыртын салып, башка жакка жол издөө менен убара. Мындай «мамилесин» сезип калган СДПКчылар партиядан сүрүп чыгарды. Эми фракциядан чыгат болуп калганда, фракция лидеринин «эшигин жыртып» атып ордун сактап калды. Кубулма жүздүү Кожокенин учурда санаасы тынч комитетин тескеп опулдап олтурат. ЖК жыйынында бакылдаган депутат, комитет жыйынында манчыркаган «манап», көчөгө чыкса «куудул» өзгөрүлмө Рыспаев партияан чыгарылгандан кийин эсине келип. Кичи пейил адамга айланды. Таптакыр башкача Кожоке болуп чыга келди, жүзү тамылжып…

Өмүр бою бир позицияда жүргөн Кожоке болушунузга тилектешпиз, урматтуу Жайчыбекович!

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: