Menu

Бишкекте, 24-ноябрда “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” деген аталышта коомдук-саясый күчтөрдүн Курултайы өтөт

Бөлүшүү:

Бийликтин булагы эл.

Жаңы бийликтин келгенине 1 жыл болду. Бул убакта өлкө маанилүү саясий окуяларды башынан кечирди. Эски бийликтин саясаты жаңы бийликтин саясаты менен алмашты. Жаңы бийликтин ийгиликтерине дагы, кемчиликтерине дагы баарыбыз чогуу күбө болуудабыз.

Өлкөдө жеткиликтүү деңгээлде сөз, чогулуш эркиндиктери пайда болду, бирок, ошону менен бирге эле, өлкө, экономикалык кыйынчылыка, саясий карама каршылыктарга багыт алгандай.

Мына ушул маселелерди, бардык коомдук саясий кучтөр менен чогуу талкуулап, өлкөнүн өнүгүү келечек багытын аныктоо максатында, кечээ 2018-жылдын 22-октябрында Бишкек шаарында, алдын ала көрүнүктүү саясатчылар, граждандык коомдун, мекенчил күчтөрдүн өкүлдөрү менен акылдашып, ар кандай коомдук – саясий күчтөр жолугушуу өткөрүп, 2018 – жылдын, 24 – ноябрь күнү, Бишкек шаарында, “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” деген аталышта коомдук-саясий күчтөрдүн Курултайын өткөрүү чечимин кабыл алдык.

Курултайдын күн тартиби жана катышуучу тараптардын курамы жакын арада жарыяланат. Курултайга катышууга баардык саясий партияларга, коомдук уюмдарга, жарандык коомдорго жана бийлик бутактарына эшик ачык.

Демилгечи топ

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: