Menu

Ооганстанда шайлоого мыйзамсыз кийлигишкен 60 киши камакка алынды

Бөлүшүү:

20-21-октябрь күндөрү Ооганстанда өткөн парламенттик шайлоого мыйзамсыз кийлигишип, шайлоочулардын укугун тебелегени үчүн 60 ка чукул мамлекеттик кызматкер кармалды. Алар бир нече шайлоо түйүндөрүндө шайлоочуларга басым көрсөтүп, коомдук активисттерди жана бейтарап байкоочуларды киргизбей, коркутууга аракет кылган деп айыпталууда.

Учурда шайлоонун жыйынтыгы эсептелүүдө. Жарандардан 1400дөн ашуун мыйзам бузуу боюнча арыз түшкөн. Ошондой эле эки шайлоо аймагында катталган терактын айынан добуштар жокко чыгарылды. Жалпысынан шайлоого катталган 9 миллионго жакын шайлоочу 2,7 миң талапкердин ичинен 249 парламент мүчөсүн шайлоосу керек болчу.

Ооган бийлиги биринчи жолу шайлоонун салттык түрүнөн биометрикалык жол менен шайлоого өтуштү. Бул шайлоо түйүндөрүндө узун кезекти пайда кылып, 400гө жакын түйүндө техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам экинчи күнү шайлашты.

Өлкөнүн Кабул, Гор жана Тажикстан менен чектешкен аймагында террордук топтун жардыруусу болуп, 28 киши набыт болду.

Ооганстандын бир нече райондорунда өз бийлигин жүргүзүп, терактыларды уюштурган «Талибан» террордук тобу элди шайлоонун жыйынтыгын бойкот кылууга чакырууда. Ага карабай өлкө бийлиги жарандарын өздөрүнүн шайлоо укугун колдонуп, активдүү катышууга үндөп келди.

Мына ушундай мыйзам бузуулар жана адам өмүрүн алган терракт менен коштолгон ооган парламентинин шайлоосунун жыйынтыгы ноябрда жарыяланат.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: