Menu

Карганбекке козголгон кылмыш иштин жүрүшү неге кечеңдейт?

Бөлүшүү:

Адамдар ар түрдүү болот тура. Маселен, айрымдар бул тирүүлүккө жөн гана жашап кетиш үчүн келбестигин, ал бул жашоосунда адамзат үчүн, анын ичинде өз мамлекети, улуту үчүн ары баалуу, ары изги тилекте түбөлүктүү иш жасап кетиши зарылдыгын ойлоп, ага жандалбастаса, айрымдар так ошол кишиден бирдеңке издеп, аны тизеге чаап чөгөлөтүүнү көздөшөт экен. Айтайын дегениме, кыргыз эл депутаты Карганбек Самаковдун учурдагы тагдыры мисал боло алат. Адамдын ким экендигин билиш үчүн анын жасаган ишин гана алып кароо эң сонун күзгү болуп берет. Калың журт өзү калыс болсун, Карганбек Самаковдун жасаган иштерин, «мындай кадамдар Кыргыз улутуна күйгөндүк эмес» деп кантип тана алабыз? Муну айтып жаткан себебим, бүдөмүктүү ар кандай шылтоосу менен тиешелүү тармактар дале Карганбек Самаковду «тушап» олтурушат. «Эмнеге?» – деген соболго жооп жок. Самаковдун камалганына 1 жылдай убакыт өтсө дагы али күнчө маселеге чекит коюла элек. Андан бери уктап калгансышып укук органдары унчугушпайт.

Бул мыйзамдуу процедурага түк да сатпайт, жатмак түгул жакын дабайт. Эгер андай эмес деген тараптар болсо анда неге аликүнчө соттук отурум иши өз нугунда жүрбөй келет? Буга ким жооп берет? А мезгил деген күтүп олтурбайт эмеспи? Балким, Самаковго иш козгогондор кылдан кыйкым издеп, бир ишти чүлгүп иш козгоп алышып, анысы акырында «жөө жомок» болуп чыгып, «эми бул ишти кантип «дым-дым» кылабыз?» деп баштары катып олтурган жокпу?!…

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: