Эртең, 24-октябрда ондоп түзөө иштерине байланыштуу Бишкектин бир катар аймактарында жарык берүү өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынан кабарлашты.
Жарык өчүрүлө турган аймактар
12.00-15.00 — Орто-Сай айылы, Кайыңды жана Ак-Тилек конуштары
11.30-17.00 — Ак-Өргө конушундагы Алыкулов, Көкөмерен, Кайберен, Каркыра, Долон бий, Ахунбаев көчөлөрү
09.30-12.00 — Арча-Бешик конушундагы Бердибаев, Кызыл-Адыр, Ойсул-Ата көчөлөрү
09.30-11.00 — Жогорку Орок конушу
09.30-17.00 — Осмонкул, Жданов, Древесная, Суворов, Күрөңкеев көчөлөрү, Тугучинский туюк көчөсү
09.30-19.00 — Бакай-Ата конушундагы Манасчы, Бакай-Ата, Эр-Төштүк, Табылды, Анар, Канчоро, Сыргак көчөлөрү, Ак-Бата конушундагы 2-3-4-көчөлөрү, Көк-Жар конушундагы Керемет, Кулмурзаев, Куйручук, Керемет көчөлөрү
09.00-15.00 — Фере, Орозбеков, Мусоргский көчөлөрү
09.30-17.00 — Серпуховская, Ильменский, Троицк, Сельповский, Корея, Месароша көчөлөрү
09.30-18.00 — Можайский, Щербаков, Кызыл-Кыя, Манас, Боровский, Витебск, Подольский, Волоколамский көчөлөрү, Багижский туюк көчөсү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ