Menu

Ош шаарынын архиви-тарыхы коркунучта!

Бөлүшүү:

Ош шаардык мамлекеттик архивине Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы Фергана көчөсүндө жаңы имарат тикеленгени менен, анда өрт коопсуздугунун чаралары таптакыр эле каралбай калган. Ушуга улай бул жайдагы абаны бир калыпта такай кармап туруучу басым дагы дээрлик сакталган эмес.

– Биздин мекемеде өтө маанилүү документтер сакталгандыктан, өрт коопсуздугу ар дайым биринчи планда турушу кажет! Тилекке каршы, жаңы имарат курулуп жатканда, дал ушул олуттуу жагдай көңүл сырында эле калып кеткен,- деп чырылдады Ош шаардык мамлекеттик архивинин директору Токтомамат Жакыпбаев. – Бул боюнча канкакшап тийиштүү органдарга бүт кайрылдык. Тилекке каршы, азыркыга дейре оң жыйынтык чыга элек.

Ошентип, адистердин айтымында, аталган мамлекеттик архивде туруктуу аба басымы өтө чоң мааниге эгедер. Талапка ылайык буердеги иш кагаздары, ар өңүттөгү документтер 19 градус жылуулукта гана такай сакталышы кажет! Бирок, аталган мекемеде эмдигиче абаны бир калыпта кармай турган кондиционер жок! Ал эми атайын текчелерде документтер пландан таптакыр ашыкча эле тизилгендиктен, делолордун сапаты дагы күн сайын төмөндөп, мында иш жүргүзүүгө олуттуу кыйынчылык туудуруп жаткан маалы.

– Өзү талапка ылайык мобул текчелерде алты, же жети катар гана документтер гана турушу абзел! Бирок, көрдүңүздөр го, мындай мүмкүнчүлүк таптакыр жоктугунан улам баарынын тең сапаты бара-бара жоголуп баратат. Ошондуктан, төлук кандуу иштөө үчүн бизге дагы кыйынчылыктар туулуп жатат,- деп каңырыгыбызды түтөттү Ош шаардык мамлекеттик архивинин маалымат бөлүмүнүн башчысы Турсункан Батырова.

Айтмакчы, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясы 2012-жылы 7,5 миллион сом жумшап, Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы Фергана көчөсүндө Ош шаарынын мамлекеттик архивине шашылыш түрдө жаңы имарат тикелеген.

– Ошондо бул курулуш биздин бүгүнкү башкы көйгөйүбүздү толук бойдон чечет го деп терең үмүттөнгөнбүз. Бирок, тилегибиз тез эле таш капты,- деп кайрадан кепке кошулду Ош шаардык мамлекеттик архивинин директору Токтомамат Жакыпбаев. – Үч кабаттуу жаңы имарат деле бизди бул көйгөйдөн арылткан жок! 7,5 миллион сом коротулган имаратыбыздын бир капталы эмдигиче моминтип толук бүткөрүлгөн эмес! А жалпы жонунан бул курулуш азыр деле кайрадан толук кандуу реконструкңиялоого муктаж!

Маалымат иретинде

Быйыл Ош шаардык мамлекеттик архив кызматынын түптөлгөнүнө 40 жыл толот. Ошого карабастан бул эски мекемеде 162 миңден ашуун маанилдүү иш кагаздары дагыле сакталып турат. Кудай сактасын, бирок, кокусупан орт чалса, ушунун бары тең заматта күлгө гана айланат.

Баса, Ош шаардык мамлекеттик архиви тээ Союз маалында, өткөн кылымда, 1978-жылы түптөлгөн. Бул мекемеде жалпы жонунан 22 кызматкер гана эмгектенет. Аталган жайда 1945-жылдан бери Ош шаарында эмгектенгендердин документтери сары майдай сакталып турат. Ал эми түбөлүктүү сактоочу иш кагаздары жана документтер Ош облустук архивине өткөрүлүп берилет.

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: