Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн мүчөлүгүнө эки талапкер тааныштырылды. Алар Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине талапкер Улукбек Кочкоров менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Азамат Жаманкулов.
Улукбек Кочкоров коомдук ишмер жана КРнын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты. 2017-жылдагы президенттик шайлоонун талапкери. Ал эми Азамат Жаманкулов буга чейин аталган министрликтин туризм департаментин жетектеп келген. Ал бул кызматка 2015-жылы дайындалган. Ага чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу катчылыгынын жетекчиси болгон.
Эми алардын талапкерлигине депутаттар добуш беришет. Учурда талапкерлерге суроолор берилүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ