Menu

Сокулук районунда мал урдоого шектүүлөр колго түшүрүлдү

Бөлүшүү:

Сокулук районунда мал урдоого шектүүлөр колго түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө 38 жаштагы Э.Т арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 19-декабрына караган түнү Чат-Көл айылында жайгашкан сарайынан белгисиз бирөөлөр үч баш майда мал жандыктарын уурдап кеткенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси
(Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сокулук районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзулгөн иш-чаралардын натыйжасында Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 40 жаштагы О.Ы., 28 жаштагы У.Н. жана 23 жаштагы Ж.К. аттуу жарандар кармалышкан. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, кармалган жарандар Сокулук жана Аламүдүн райондорунан мал уурулугуна байланыштуу дагы 5 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталаган.

Милиция кызматкерлеринин кылдат жүргүзгөн иш-аракеттеринен улам мал уурлукка шектүүлөр кармалышып, акыркы уурдалган мал жандыктар ээсине кайтарылып берилген. Ал эми буга чейинки уурдалган малдарды жок кылууга үлгүрүшкөн.

Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: