Сокулук районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган, анда 2017-жылдын 17-июль күнү Совет жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинен “Нургуль” аттуу аял, арыз ээсинин ишеничине кирип, Корея мамлекетине виза жасап берем деп, 3000 АКШ доллар акчасын алдап алып кеткен. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкек шаарынын тургуну 41 жаштагы М.Н. аттуу аял кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ