ИИМдин отставкадагы жана учурда иштеп жаткан полковниктери 8 кг баңгизат менен кармалышты. Бул кылмыштуу мафиянын курамында ИИМдин Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча кызматынын пенсионери, милициянын отставкадагы полковниги жана ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги болгон. Бул маалымат учурда коомчулуктун үрөйүн учуруп турган мезгили. Буга чейин ИИМ баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматын толук бойдон өздөрүнө алып, ал эми Мамлекеттик баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматын жоюуну көздөп келишкен эле. Көрсө кептин төркүнү башка жакта жаткан тура. Мыйзамсыз баңгизат бизнесинин башында тургандар баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери, болгондо да жетекчилери экендиги өтө өкүнүчтүү. Демек, бул мафияны калкалаган жогору жакта бирөө бар болушу мүмкүн. Анын бети ачылмайынча абал оңолбойт. Наркобарондор милициянын жетекчилери өздөрү болуп жаткандан кийин башканы айтып эмне кылабыз.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ