Menu

Азимбек Бекназаров: “2009-жылдагы шайлоонун жыйынтыгын Бакиевдер эмес, Атамбаев өзү сындырды, анан Таластан Атамбаевдин башына жоолук салабыз деп аксакалдар келиптир”

Бөлүшүү:

Белгилүү революционер Азимбек Бекназаров жакында эле “Мен кыргызмын” аттуу II томдон турган эскерүү китебин жарыкка чыгарды. Анда автор акыркы 20 жылдагы өзү аралашкан саясый окуяларды болгонун болгондой баяндап берген. Биз Бекназаровдун китебинен бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпогон айрым урунттуу учурларын үзүндү кылып жарыялоону чечтик.

“Бакиевдик бийлик 2009-жылы 23-июлда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүү тууралу чечим кабыл алды…

2009-жылдын 25-апрелинде Арашан айылында чоң элдик курултай өткөрүп, ошол курултайда Атамбаевди бириккен оппозициядан (БЭК) жалгыз талапкер кылып жарыяладык…

Таластын эли менен жолугушуу өтө кызык болду… Таластагы биринчи эле жолугушууда Атамбаев: «…таластыктар жоолук салынып алгыла, Манастын көрүн казып жатса унчукпайсыңар!» – деп бир нече жолу демитип өттү. Жыйын бүтөрү менен 5-6 аксакал мага басып келип: «Азимбек, Атамбаевге айтып кой, элге асылбай сүйлөсүн, биз Атамбаевди эмес, силерди сыйлап унчукпай турабыз» – дешти. Мен кечинде Атамбаевге элдин бул сөзүн айтып, «жоолук» жөнүндө экинчи айтпашын сурандым. Ал унчукпады.

Бакай-Атада чоң жолдун боюнда эл менен жолугушуу белгилениптир. Атамбаев келди. Сүйлөдү. Дагы Манастын көрүн казып жаткандарды айтып: «Таластыктар жоолук салынып алгыла» — деди.

Шайлоонун эң башкы кульминациясы же эсте кала турганы – шайлоо болуп жаткан күнү саат 13кө жакын эч ким менен кеңешпей туруп Атамбаевдин өз талапкерлигин алып салганы болду. Назаралиев экөө пресс-конференция берип жатып, Атамбаев капысынан эле: «Мындай шайлоого катышпайбыз»- деп салды.

Шайлоонун жыйынтыгын Бакиевдер эмес, Атамбаев өзү сындырды… Болот Шерниязов Текебаев экөөбүзгө: “Мен айттым беле, элге экөөң жооп бергиле, экөөң күнөлүүсүң Атамбаевди колдогула деген”, – деп жини келип күпүлдөдү. Биз унчуга алган жокпуз.

Эки күн өтпөй Б.Шерниязов: – Азике кайдасың?- деп, Форумга издеп келди. Ал мага: «Азике, таластык туугандарыңыз Атамбаевге салып койгула деп жоолук берип жиберишиптир, БЭКтин жыйынында салып коюңуз»- деп койнунан жоолук алып чыгып мага берди. Мен Болоттун бул кебин угарым менен Атамбаевдин Таластагы жолугушуу сайын: «Таластыктар Манастын көрүн кастыргыча, жоолук салынып албайсыңарбы?» – дегенин эстеп, эми Атамбаев сөзүнө турбай, шайлоо күнү саясий күрөштөн ойт бергенине жооп кылып дароо жоолукту Атамбаевдин өзүнө салабыз деген таластык туугандарымын жоругуна тан берип турдум. «Сөзүң өлгүчө, өзүң өл» деген ушу да. Деги кыргыз – кыргыз болуп жаралып, айтылган сөздүн октон күчтүүлүгүн, сөздөн жыгылган адамдын турбастыгын, тил кесмек жоктугун ж.б. сөзгө, убадага, антка, шертке, досчулукка байланыштуу улуу философиясы бар макал-лакаптарды эле айтпай, аны учуру келгенде жашоо-турмуштун өзөгү катары туу кылган, сөзгө сынган, сындырган, азабын тарткан кыргызыма бир жагынан сыймыктанып, дагы бир жолу бийик тоого чыгып, үнүмдүн жетишинче: – Ээ-эй, уккула, мен кыргызмын!- деп кыйкыргым келди. Экинчи жагынан, ансыз да шагы сынып, уят бо­луп, эмне деп, кантип, күнөөнү кимге шылтап элге чыгарын билбей турган Атамбаевди ого бетер «өлтүргөнгө» жол бергеним жок.

– Боке, экөөбүздүн туугандар деги азамат, баатыр, Манас атабыздын нак урпактары, чын эле жоолук Таластан келдиби же Ош базарынан алып келдиңби десем: «Оой, Азике, калп айтмак белем, өзүбүз са­лып кетебиз деп, туугандарыңыз баары үйдө олтурушат, ишенбесеңиз жүрүңүз, барып учурашып келиңиз, БЭКтин жыйынын топтоңуз, ал ар өз миссиясын аткарып кетишсин» – деди. Мен Болоттун сөзүнө ишендим. Таластагы болгон окуяны эстеп: – Боке мындай кылалы, туугандарды эмне кылсаң да эптеп кетир, жоолукту кийин деле кырдаал жөнгө салынганда сала бересиң, азыр Тургуналиев «приемник распределителде» жатат, Балыкчыда бир топ адам камакта, ушуларды чыгарып алалы, анан жыйын өткөрөбүз, Атамбаев же Бешимову айтсын, эмне үчүн пресс-конференция беришти, эмне үчүн эч ким менен кеңешпей тигинтип сүйлөп салды, Назаралиевди ким чакырды, суроолор көп, эки-үч күндүн ичинде отчет бересиң деп мен Бешимовго айттым – дедим. Шерниязов: «Мейли туугандарды кетирейин, жоолукту сөзсүз салабыз деп убада берейинби? Текебаев экөөңө айтпадым беле?»- деп даты кайталады. Мен: – Боке ачууңду бер, Атамбаев ар дайым туура эмес сүйлөп алат да, анан азабын тартат, бул анын канында бар, өзү сүйлөдүбү, бирөө сүйлөттүбү өзү азабын тартсын, туугандарга айт, кете беришсин, алардын жоолугун убагы келгенде беребиз, – дедим.

БЭКтин жыйынын өзүм өткөрдүм. Мындан кийин эмне кылабыз деген суроолор көп болду. Мен аларга күрөштү уланта беребиз деп таркаттым. Болот «жоолукту» эмне кылабыз дегенде, мен ага “Боке саясий бюродо же жалгыз эле кирип берчи, бул көпчүлүктө болбойт” деп суранып жатып көндүрдүм. Эки-үч күндөн кийин Атамбаевдин өзүнүн кабинетинде саясий бюронун жыйынында кой дегенге болбой Боке жоолукту берди. Экөө мушташып кетпесин деп мен экөөнүн ортосуна олтурдум. Б.Шерниязов: «Алмаз Шаршенович, өткөндө Таластан бир топ аксакалдар келип, мынабу жоолукту Атамбаев салынып алсын деп таштап кетти»- деп койнундагы жоолукту Атамбаевдин алдына таштап, чыгып кетти. Эч ким эч нерсе деген жок. Бир азга жымжырт болуп калды. Ушундай жагдайда Атамбаевде пайда болчу токтоолук орун алып, ал мыйыгынан күлүмүш этти, унчуккан жок. Оморбай Нарбеков аксакал эстүүлүк кылып: Аксакалдар кеңеши Форумдун алдына боз үй тигип олтурабыз»-деп жатат, Азике менен макулдашкам, сиз уруксат берсеңиз, ордун көрсөтсөңөр, боз үйдү тигип, келген элди кабыл алат элек»- деп сөздү буруп кетти. Атамбаев: «Мен каршы эмесмин, балдар көрсөтөт» – деди. Ошону менен тарап кеттик.

Ошентип, жалпы коомчулук, Кыргызстандын эли: «Эмне болор экен» – деп күткөн, мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоо да аяктады.

Уландысы бар

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: