Menu

ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жаранын кармашты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Интерполдун линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жакында, ИИМдин Криминалдык милиция  кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын аймагында  оор кылмыш иши үчүн коңшу республиканын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган жаран жашырынып жүрөт деген ыкчам маалымат алынган.

2019-жылдын март айынын аягында Бишкек шаарынын аймагында  жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө каракчылык жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн Тажикистан Республикасынын жараны, Согдий облусунун тургуну 1992-жылы туулган Г.У. аттуу кармалган. Издөө иши 2019-жылдын февраль айында козголгон. Кармалган жаран камакка алынды.

Эскертебиз, 2018-жылдын ноябрында Кыргызстан менен Тажикистандын ички иштер министрликтеринин башчылары эки өлкөнүн укук коргоо түзүмдөрүнүн кызматташуусу, кылмыштуулук менен күрөшүүгө багытталган механизмдерди иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү иштерди жасоо тууралуу маанилүү маселелерди талкуулашкан.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: