30-январдан 31-январга караган түнү УКМКнын кызматкери Ат-башы районундагы индустриалдык-соода-логистикалык борборду кытайлык ишкерлердин куруусуна каршы чыккан активист Тимур Махмудовду суракка алган. Бул тууралуу видеону Фейсбук колдонуучу Тилек Осмонкулов жарыялаган.
Анын айтымында, активист Тимур Махмудовдун үйүнө УКМКнын кызматкери саат 22:30 “01 362 ABX” номериндеги автоунаа менен келип, түнкү 01:30га чейин унаанын ичинен активистти суракка алган.
Күбөнүн айтымы боюнча УКМКнын кызматкери мас абалында болгон. Ал активисттен соода-логистикалык борбордун курулушуна эмнеге каршы чыгып жатканын, эмне кызыкчылыгы бар экенин сураган.
Активист Тимур Махмудов: “Кыргызстандын жери бөлүп берчүдөй торт эмес” – деп айтканын билдирген.
Алардын айтымында, УКМКнын кызматкерин кетирбөө максатында адамдар жолун торосо, ал унаа менен жергиликтүү тургундардын буттарын тебелеп, качырган.
Автор жерине МАИ кызматккерлерин чакырганын айтып, тиешелүү чара көрүлүшүн талап кылган.
Эсиңиздерге сала кетсек, 28-январда Ат-Башы районунун айрым тургундары индустриалдык-соода-логистикалык борборду кытайлык ишкерлер курууга каршы экендиктерин билдирип, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдына митингге чыгышкан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ