Аламүдүн районунда автоунаа жолдон чыгып кетип, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун Аламүдүн районунда кечээ, 27-сентябрь күнү саат 07:00дө Таш-Мойнок айылында “Субару-Форестер” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 2 адам (эркек, аял) жабыркаган.
Окуя болгон жерге КР ӨКМнин №1 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеткенге чейин тез жардам кызматкерлери жабыркаган адамдарды ооруканага алып кетишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ