Бүгүн, 25-октябрда парламенттин кезектеги жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине талапкер Улукбек Кочкоровго “буга чейин бул өкмөттөн майнап чыкпайт деп өкмөттүн өпкөсүн үздүңүз эле. Азыр эмне өзгөрдү? Сиздин позицияңыз өзгөрдүбү же бийлик өзгөрдүбү” деп суроо салды.
“Туура айтасыз. Буга чейин жүрүп келген саясатка каршы болчумун. Азыр эки премьер-министрдин жана дагы көптөгөн саясатчылардын абакта камалып, суракта суралып жүргөнү буга далил. Менин оюм боюнча сырттан эле жамандап отура бербей жапа тырмак аракет кылышыбыз керек. Азыр жаңы бийлик мамлекетти өзгөртүүгө аракет кыла баштады. Мен жардам берүүнү чечтим” – деди министрликке талапкер Улукбек Кочкоров.
Источник: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ