Menu

Азирети Муфтий Бишкек шаарындагы дин кызматкерлери менен жолугушуп, 2021-жылдагы пландар биргеликте талкууланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-январда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарындагы «Имам Сарахси» атындагы борбордук башкы мечитинде шаардагы имам хатибдер, медресе мүдүрлөрү жана дин кызматкерлери  менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйынга КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Акин Токталиев, Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев жана БТК мүчөсү Бакыт ажы Нурдинов катышкан.

Жыйындын жүрүшүндө Азирети Муфтий 2020-жылдагы имамдардын жасаган ишмердүүлүктөрүнө ыраазычылык билдирип, 2021-жылы дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратуу керектигин билдирген. Муну менен катар имамдар жалпы коомчулуктун, мамлекетибиздин тынчтыгын сактап, элди ынтымакка, сабырдуулукка чакырууда орду жогору экендигин баса белгилеген.

“Имамдар коомчулукка үлгү болуусу керек. Биз имамдар, бир гана жума күнү эле михрабда пайгамбарыбыздын (САВ) мураскору эмеспиз. Андыктан Ислам дининин асыл баалуулуктарын коомчулукка жеткирүүдө ар бирибиз аракет кылышыбыз зарыл. Мамлекетибиздин тынчтыгы менен бүтүндүгүнө салым кошуп, элибиздин, айрыкча жаштарыбыздын тарбиясына маани берели»— деген Азирети Муфтий.

Ал эми ДИМК директору КМДБ менен тыгыз иш алып барып, өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн биргеликте иш алып баруу керектигине токтолгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: