Menu

NYT: Трамптын айфону Орусия жана Кытай тарабынан тыңшалууда

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Дональд Трамп орус жана кытай чалгынчылары тарабынан тыңшалып жаткан айфон менен колдонуусун улантууда. Бул тууралуу New York Times гезити жазды.

Басылманын маалыматына караганда, АКШнын атайын кызмат өкүлдөрү орусиялыктар менен кытайлыктар президенттин жеке сүйлөшүүлөрүн тыңшап жаткандыгы тууралуу эскертишүүдө. Анда Кытай пайдалуу маалыматтарды алып, аларды өз максаттары үчүн колдонуп жатышканы белгиленген.

Былтыр июлда генерал Жон Келли администрация жетекчилигине баргандан кийин Трамп Ак үйдүн телефон түйүнү аркылуу көбүрөөк сүйлөшө баштаган. Бирок апрелде CNN телеканалы билдиргендей, көп өтпөй президент кайра эле өзүнүн корголбогон уюлдук телефону менен сүйлөшүүгө өткөн. Трамптын жардамчыларынын билдиришинче, президент телефон тыңшалып жатышы ыктымалдыгын эске алуу менен сүйлөшүүдө.

The New York Times кытайлыктар Трамптын ири ишкерлер менен сүйлөшүүлөрүн тыңшап, анда алынган маалыматтарды Вашингтон менен соода сүйлөшүүлөрүн жеңилдетүү үчүн колдонуп жатканын жазды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: