Бүгүн, 25-октябрь күнү Kyrgyztoday.kg интернет булагына «Адамды сабап өлтүрүүгө шектелген милиция кызматкерлери эч кандай жаза алышкан эмес» деген аталышта маалымат чыккан. Бул факты боюнча тактоо иретинде кабарлайбыз: 2005-жылдын 3-май күнү Өзгөн районунун Мырзаке айылынын тургуну Акматов Турдубектин каза болгон окуясы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин, 1-бөлүгү менен Өзгөн районунун прокуратурасынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон. Бул тууралу Ош облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Бул кылмыш иши 2017-жылы 25-апрелде прокуратура тарабынан УКМКнын Ош облустук башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жиберилген, ошол себептен азыркы учурда Улуттук коопсуздук комитети тарабынан жандандырылып, тергөө жүрүп жатат. Сот тарабынан жыйынтыктоочу отурум боло элек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ