Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ЖЭБдеги авария боюнча УКМК тарабынан козголгон төрт кылмыш ишинин бири боюнча соттук отурум уланууда.
Энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиевдин коргоочусу анын кардарына карата чечимди өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүүдө.
Юристтин айтымында, Айбек Калиев – үй бүлөсүн багуучу жалгыз адам. Анын жубайы кош бойлуу болгондуктан иштей албайт. Андан сырткары Калиев көп балалуу ата. Бирок айыптоочу тарап каршы чыкты. Анын айтымында, тергөө Калиев өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери менен өлкөгө көп миллиондук чыгым алып келип, өлкөдөн качып кетүүсү мүмкүн экендигин аныктаганын билдирди.
Айыпталуучулардын катарында Айбек Калиевден сырткары дагы алты адам- энергосектордун мурунку менеджерлери бар.
ЖЭБди модернизациялоодо коррупция менен айыпталгандардын ичинде мурунку премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев, ошондой эле депутат Осмонбек Артыкбаев бар.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ