Menu

Кой-Таш окуясы иликтенип бүттү

Бөлүшүү:

7-8-август күндөрү Кой-Таш айылындагы окуяларга байланыштуу сотко күбө катары бир эмес 3 жолу чакырылып, бирок баруудан баш тарткан экс-президент Атамбаевди сотко күч менен алып келүү операциясы өткөн. Ошол окуяга баа берүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөнү эсибизде. Комиссия өз ишин жыйынтыктаганы белгилүү болду. Маалыматка ылайык, комиссиянын чечими жакынкы күндөрү чыгат. Андан соң Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Бирок комиссиянын чечимине кол коюу маселесине келгенде кызык жагдай жаралды. Комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова каршы добушун берсе, дагы бир мүчөсү Жаркымбаев кол коюудан баш тартты. Дагы бир мүчөсү Исмаил Исаков келбей койду.

Эске сала кетсек, 29-августта Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Райымкулов комиссиянын төрагасынын орун басары. Ал эми комиссияга Жогорку Кенештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер кирген.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: