Menu

Мамлекеттик кызматты кыянаттык менен пайдаланып, кен-байлыктарды менчигиндей сатып байыган Зилалиев

Бөлүшүү:

Эрик Жумабаев ээлик кылган алтын кендер…

30-январда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук Кеңешинин жыйыны өттү. Анда жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу маселеси каралды. Жыйында тоо-кен тармагындагы маселелерге тийиштүү көңүл бурулбай, ал мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып калганы айтылды. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары кен тармагына байланыштуу 100гө жакын кылмыш иши козголгон. Ал эми жалпысынан кен тармагында 2571 лицензия берилген. Мындан тышкары ИИМдин мурунку кызматкери Кыргызстандын тоо-кен тармагында 41 лицензияга ээлик кылаары анык болду. Бул тууралуу Өткүрбек Жамшитов кабарлады. Анын айтымы боюнча Эрик Жумабаев өмүр бою ИИМ кызматкери болгон жана тоо-кен тармагына кымындай дагы тиешеси болгон эмес. «Текшерүү учурунда Э.Жумабаевге тиешелүү 41 лицензия бар экендиги аныкталды жана алардын аянты 40 гектарды түзөт. 630 миң долларлык 8 лицензия кредиттик келишим боюнча күрөөдө турат. Мыйзам ага лицензияларды өзү каалагандай сатууга укук берет», – деди генпрокурор.

Белгилей кетчү нерсе, Юстиция министрлигинин базасында Эрик Исакуновичтин атына 2016-жылы түстүү металлдарды казуучу «Ала-Тоо Алтын кени» компаниясы катталган. Өткүрбек Жамшитов лицензиялардын чыныгы ээси оффшордук компания (Британия Виргин аралдары) экендигин, бул келишимге мурунку чиновниктердин бири Карасартов аттуу адамдын тиешеси бардыгын кошумчалады.

«630 миң доллар деп аталган сумма боюнча тастыктоочу документтер жана ал сумманын кайдан келип чыккандыгы тууралуу маалымат жок. Алтургай алкомпаниянын эсебинде жетиштүү финансылык каражат жок. Ошондуктан келишимдер фиктивдүү болгон деп айтууга толук мүмкүнчүлүк бар. Лицензияларды кайтарып алган учурда деле аларды максаттуу иштетүүгө мүмкүнчүлүк жок. Мыйзам чыгаруудагы айрым жылчыктар бир адамга бир нече лицензия сатууга боло турган шартты түзөт. Чет элдик компаниялардын катышуусу компаниянын чыныгы ээси тууралуу маалыматты жашырат. Бул мамлекет коопсуздугуна зыянын тийгизет», -деди Өткүрбек Жамшитов.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркулов сүйлөп жатып мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Геология боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган кезде эң көп лицензия берилгенин айтты. Ал азыркы тапта Зилалиевдин тушунда лицензия алган 13 компания боюнча факты териштирилип жатканын, анын тушунда берилген лицензиялар эгемен Кыргызстандын тарыхында берилген лицензиялардын үчтөн эки бөлүгүн түзөрүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, 9-декабрь күнү мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча иш козголду. Аны 8-декабрда УКМКнын кызматкерлери кармаган.

Алтын кени боюнча 41 лицензияны бир кишиге ыйгарган Зилалиев

Геологиялык кызматтын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2500дөн ашык алтын кени бар. Адистер алардын айрымдарында баалуу металлдын көлөмү өтө аз болгондуктан, жеринде өндүрүш ачууга кызыкчылык жок экенин белгилешет. Кыргызстанда баалуу металлдарды чалгындоого жана иштетүүгө 593 лицензия берилген. Анын ичинен кенди казып иштетүүгө 104 лицензия туура келет. Калгандары чалгындоо иштерин жүргүзүүгө берилген.

Жыйынтыктап айтканда, текшерүүлөрдүн негизинде аныкталган 41 лицензиянын бир адамга берилиши, болгондо дагы алтын кендеринин лицензиясы болгондугу бул тармактын коррупцияга кекиртектен эле батып калгандыгынан кабар берет эмеспи. Тоо-кен тармагы мамлекеттин эң негизги байлык булагы болгондон кийин жеке инсандардын бул тармакты жалгыз өздөрүнүн коколой башынын кызыкчылыгына пайдалангандыгы карапайым калктын кыжырын кайнатат. Эл бир мүшөк унду үнөмдөп пайдаланып отурганда дал ушул лицензия тараткан Зилалиевдин бир эле банктагы эсебинен 889,9 миң доллар чыкканы жалганбы? Бул бизге маалым болгону гана, биле элегибиз бир жаратканга маалым. Мындай сабатсыз, акылы тайкы чуновниктердин мамлекетке келтирген зыяны үчүн аеосуз эле «тамырын» кыркып, башкалар үлгү алгыдай жаза бериш керек. Ошол кезде таянган тоосу күчтүү болгону үчүн тайманбай мындай «эрдиктерге» барганын танбаса керек, өзү да. Ушуга окшогон жеп тойбогон, мамлекетти баасы чыкса сатып жиберүүдөн кайра тартпаган бок курсактардын айынан мамлекеттин ахвалы оңолбой жатат.

Назгүл Исакова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: