Menu

Калтырган кат күнөөлүүнү көрсөтө алат

Бөлүшүү:

Маалыматка ылайык, өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн 40 пайызы артынан кат жазып, өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген адамдарды түз же кыйыр атап кетишет экен. Мыйзамда адамды жанын кыйууга жеткирген жактарга жоопкерчилик каралганы менен, көпчүлүк учурда иш суицид катары каралып, жабылып калып жатканын эксперттер белгилешет. Кыргызстандагы укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундун айтымында, кыйыр эмес, түз көрсөтүлгөн күнөөлүүлөр да жоопко тартыла элек. Ал бул жагдайга жалпылай коом көңүл кош карап жатат деген ойдо.

– Негизи, өспүрүм бала же кыз жөндөн-жөн өз жанын кыйганга барбайт. 14-15 жашка чыгып калгандар акылы жетилип, аркы беркини айырмалап калышат. Аларды ушундай кадамга алып барган чоң адамдар: ата-энелери, байке-эжелери, мугалимдери жана башкалар. Алар баланын талуу жерине тепкилеп, намысына тийишет. Өспүрүм ошого чыдабай өз жанын кыйганга барат. Турмуштун оош кыйышын көрбөгөн жаш бала намыстанып кетип: “Андан көрө, бул жашоодон кечтим” деп муунуп өлүп калууда. Ал эми ошол жаш өспүрүмдү ушул кадамга алып барган адамдар четте калып жатат. Чынында, аларга адамды өз жанын кыюуга алып баргандыгы үчүн жоопкерчилик каралган. Бул кылмыш. Бул боюнча жоопко тартуу мыйзамда бар. Бирок, тилекке каршы, коом буга көңүл кош карап атат. Жадагалса, кат калтырып, катында күнөөлүнү ачык, же кыйыр жазып көрсөтүп кетишүүдө. Ошол катты дыкат иликтесе, күнөөлүү табылат. Аны соттоп, жоопко тартуу керек. Анан кыз ала качкандай болуп бир-экөө соттолуп калса, кемсинтүү, коркутуу адамдын аялуу жерине тийүү деген токтоп калмак. Мисалы, кыз ала качкандарга жоопкерчилик каралып, соттоло баштаганда ала качуу кадимкидей азайбадыбы. Анда биз мыйзамды толук иштеп чыкканбыз. Бүгүнкү күнү бар мыйзам иштебей жатат. Өз жанын кыюуга жеткиргени үчүн ата-энеби, мугалимби, же башка чоочун адамбы, айрымасы жок, жооп бериш керек. Мамлекеттик укук коргоо органдары, акыйкатчы институту иштебей жатат. Андан тышкары дин таануучулар мектептерде бул боюнча баян окуп, мусулманчылыкта өз жанын кыюу кандай каралганын баяндаса да жыйынтык болмок.

Булак: Саресеп 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: