Menu

Бүбүсара эжебиздин көңүл отун тапкан киши

Бөлүшүү:

Чыңгыз Айтматов, Кыргыз эл Жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер, дипломат, академик, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Эл Баатырына арналат.

Оболу «Жамийланы» жазган киши,

Өзүнө адабий жол ачкан киши.

Өөдүк-сөөдүк жолотпой чыгармага,

Өз талантын кастарлап баккан киши.

Чыныгы чыгармалар жазган киши,

Чыгыш менен Батышка жаккан киши.

Кеп-сөздү көңүлгө албай ушак-айың,

Кебелбей пил сыяктуу баскан киши.

Аалам баткан ойлорду тапкан киши,

«АкШумкарды» төшүнө таккан киши.

Коё туруп жердеги көртирликти,

Космостун да коюнун ачкан киши.

Көп-көп элдин даамын таткан киши,

Көмүлүп сыйлыктарга баткан киши.

Жез туяк Гүлсарысы илкий басып,

Жетимиштен өзү да ашкан киши.

Ашыктык дайрасында аккан киши,

Азабын да, жыргалын таткан киши.

Айтылуу Бүбүсара эжебиздин,

Арзытып, көңүл отун тапкан киши.

Ай-аалам алтын нурун чачкан киши,

Акындар айтып бүткүс дастан киши.

Элчиликке шылтоолоп карыганда,

Эл-журтунан алыстап «качкан» киши.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: