Menu

Алексей Навальный 30 суткага камалды

Бөлүшүү:

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный 30 суткага камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Вадим Кобзев “Твиттердеги” баракчасына жазды. Ага ылайык, cаясатчы 2021-жылдын 15-февралына чейин абакта болот.

17-январда Германиядан Москвага кайтып келген Навальный “Шереметьево” аэропортуна конору менен кармалган болчу. Бүгүн Москванын четиндеги Химки шаардык полициясынын имаратында бөгөт чарасы боюнча жараян өттү. Алексей Навальный акыркы соттук жараянды “мыйзамсыздыктын туу чокусу” деп атаган болчу.

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шарттуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча доо арыздын негизинде кармалганын ырастаган. Расмий орган Навальныйды камакка алууну соттон суранган.

Сот жараяны өтүп жаткан учурда полиция имаратынын сыртында оппозициячыл саясатчынын бир нече тарапкери чогулуп, “Коё бер” деп кыйкырып турушту.

Саясатчынын кармалышын бир катар Батыш өлкөлөрү кескин сынга алып, орус бийлигин аны бошотууга чакырышууда.

44 жаштагы Алексей Навальный былтыр августта Орусияда ууландырылгандан кийин Германияда дарыланып жаткан. Ал муну Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматы уюштурганын ашкерелеген иликтөө жарыялаган болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: