Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда “Республика-Ата Журт” фракциясы Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен соода-сатык алакасындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесин талкуулайт.
Ошондой эле отурумга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган бир катар министрлер, мамлекеттик кызматтардын төрагалары чакырылган.
Акыркы убактарда Кыргызстанда дүң базарларында айыл чарба азыктары кыйла арзандады. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев коңшу өлкөлөрдө түшүм мол болгонуна байланыштуу айыл чарба азыктарынын экспорттолбой жатканын айткан. Ал эми базардагы дыйкандар эмгеги акталбай калгандыгына нааразы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ