Menu

Сузак районундагы жер көчкүдөн айыл тургундарына жана турак үйлөргө коркунуч жок

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Акчалуу айылында түшкөн жер көчкүдөн айыл тургундарына жана турак үйлөргө коркунуч жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, 23-октябрь күнү саат 11:30 чамасында Сузак районунун Акчалуу айыл аймагында көлөмү болжол менен 72000 м3 жер көчкү түшүп, Ачы сайынын суусун бөгөп калган. Учурда Ачы сайындагы суу жер көчкүнү жиреп, өз нугу менен агууда. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Мундуз-Кара-Көл ички чарбалык жолдору убактылуу жабылып, унаалар айланма жол аркылуу каттоодо.

Ошондой эле ӨКМнин Сузак райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчысы аталган аймакта нөөмөттө турат. Мындан тышкары, 25-октябрда айланма жолго шагыл таштар төгүлүп, оңдоп-түзөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Турак үйлөргө коркунуч жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: