Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында кайнатасы менен кайненесин балта менен башка чапкан деп шектелген жаран мечиттердин биринде жашынып жүргөндө кармалды. Бул тууралуу облустун ИИБинен маалымдашты.
Маалыматка караганда окуя 23-октябрга караган түнү болгон, анда Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Кызыл-Кыяга келип, кайнатасы менен кайненесин уктап жаткан жеринен балта менен чаап, аларга оор залал келтирип, качып кеткен.
Азыркы учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген, тергөө уланууда.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ