Бүгүн, 26-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы акыркы бир сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталганын кабарлады. Аларды өчүрүүгө 15 бөлүм жөнөтүлгөн. Ошондой эле Жалал-Абаддагы Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Комсомол айылында жанаша жайгашкан эки турак үй өрттөнүп, анын кесепетинен 122 чарчы метр чатыры күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.
Мындан тышкары белгисиз себеп менен ушул эле райондун Кызыл-Туу айыл аймагындагы Кызыл-Теңир айылында 15 гектар куураган чөп күйгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ