Бүгүн, 26-октябрда саат 07:51де Нарын облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.
Берилген маалымат боюнча, жер титирөө Нарын районунун Казан-Куйган, Оттук айылдарында 3 баллга жана Кызыл-Жылдыз айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ