Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Жылалды айылынын имамдын кийиминен баңги зат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 26-октябрда түнкү саат 4:55де Өзгөн РИИБнин Экстремизмге мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүчү кызматынын кызматкерлери ыкчам иш-аракеттерин жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө Өзгөндүн Жылалды айылынын тургуну, аталган айылдын имамы 37 жаштагы С. К. кармалган.
«Текшерүү учурунда үстүндө кийип жүргөн курткасынын сырткы оң чөнтөгүнөн 37.6 грамм марихуана баңги заты табылды»,-деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча топтолгон материал Өзгөн РИИБнин кылмыш каттоткитебине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, имам убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ