Чолпон-Атада милиция кызматкерлери жашы жете элек өгөй кызын бир нече жолу зордуктаган жаранды кармашкан. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан маалымдашты.
13 жаштагы кыз зордуктоого кабылгандыгы тууралуу ал ооруканага түшкөндө билинген.
Жабырлануучунун айтымында, өгөй атасы аны акыркы жолу 2015-жылы зордуктаган. Экспертиза кыз зордукталгандыгын тастыктаган, бирок качан болгонун аныктай алган эмес.
“Кыз аз камсыз болгон үй бүлөдөн. Аны менен психологдор иштей баштаганда өгөй атасы аны бир нече жолу зордуктаганын айтып береген. Шектүү 1962-жылы туулган Ысык-Көл районунун тургуну. Ал кунөөсүн мойнуна алган.”-деп билдиришти органдардан.
Ысык-Көл облустунун ОИИБде бул маалыматты такташты. Кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ