– Жеке ишиңе, жеке өзүңөргө айтылган сындарды кандай кабыл аласың?
– Сын пикир кандай болбосун, баардыгын туура эле кабыл алам. Сын пикирден сынса да болот, бирок, алдыга умтулуу, өнүгүүгө жакшы колдонсо да болот. Ошондуктан дайыма өнүгүү үчүн колдонууга аракет кылып турам!
– Өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча түрдүү тренингдер болуп турат. Буларга катышууга кызыгасыңбы?
– Тренингдерге катышуу адамдын өнүгүүсүнө абдан жакшы түрткү берет. Өз учурунда менин жашоомду, кандай кесип тандап, кайсы багытта алдыга жылууга тренингдер жардам берген. Ошондуктан, мен тренингдерге чоң маани берем. Тилекке каршы, акыркы учурларда тренингдерге катышууга убактым аз болуп келет. Бирок, бул багыттагы китептерди дагы эле көп окуйм.
– – Азыр да мурдагыдай велосипед менен кызматка келген учурлар болобу?
– Албетте, велосипед менин жашоомдун сүйүктүү бир бөлүгү деп айтып кете алам. Мен автокырсыкка кабылганда эле ден соолугума байланыштуу бир аз тыныгууга туура келди. Бирок, азыр мүмкүнчүлүк боло калганда тээп эле жүрөм.
– Балдарды тарбиялоодогу принциптериң менен бөлүшө кетсең?
– Балдарды тарбиялоо бул өтө кыйын, эң татаал нерсе экен. Туура тарбиялоо боюнча канча китеп окуп, канча акылдуу болбо, ар бир ата-энеге бул индивидуалдуу, өзгөчө, бир дагы тажрыйбага окшобогон башка тажрыйба болот экен. Мен балдарды азыр бир эле принцип менен тарбиялап келе жатам – бул колумдан келишинче билим берүү. Алардын билим алуусу үчүн баардык шарттарды түзүү.
– Ийгиликтерге жетүүнүн сыры эмнеде?
– Мен «КТРКнын башкы директорлугуна келип, ийгиликтин чокусуна жеттим» деп түк эсептебейм. Эсептөө дагы мүмкүн эмес, КТРК директорлугу бул жогорку кызмат эмес, кыйын болбой эл катары КТРКнын түйшүгүн мойнум менен тартышым керек. Мен качан өз ишим менен элдин баасына татып, аларга пайда келтирсем, ошончо ийгиликке жеттим деп эсептейм.
Жамиля Нурманбетова
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ