Menu

Таласта Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына карата айтыш өткөрүлөт

Бөлүшүү:

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Талас шаарында «Айтыш 2018» республикалык сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.

Маалым болгондой, айтышка өлкөнүн бардык аймактарынан акындар катыша алат.

Тандоо турунан 16 акын тандалып алынат. Сынакта акындардын ырынын көркөмдүүлүгүнө, төкмөлүк шыгына, тапкычтыгына, аткаруучулук чеберчилигине жана сахна маданиятына көңүл бурулат”,-деди Асылбек Маратов.

Тандоо туру 5-ноябрда «Манас» кинотеатрынын чоң залында саат 10:00дө башталат. Ал эми айтыштын калган бөлүктөрү 8-ноябрда Талас облустук Капар Медетов атындагы музыкалык драма театрында өткөрүлөт.

«Айтыш-2018» республикалык төкмө акындар сынагынын байге фонду 1 миллион сомду түзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: